Жаңылыктар
Ош жана Бишкек шаарларында “Акылдуу шаар” пилоттук долбоору ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Ош жана Бишкек шаарларында “Акылдуу шаар” пилоттук долбоору ишке кирет

“Таза коом” долбоорунун алкагында күзүндө Ош жана Бишкек шаарларында “Акылдуу шаар” пилоттук долбоору ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин чечими менен тааныштырып жатып билдирди. 

Ал эми “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңештин чечимине Президент Алмазбек Атамбаев 31-июлда кол койгон. 

Анда мамлекет башчы өлкөдө жол-транспорттук кырсыктардын саны өсүшүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаал, айрыкча анын кесепетинен балдар каза болуп жатканы, кардиналдуу жана принципиалдуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып жаткандыгын баса белгиледи. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"