Жаңылыктар
4 талапкер кыргыз тили боюнча сынактан өттү
Шайлоо 2023
4 талапкер кыргыз тили боюнча сынактан өттү

Президенттикке ат салышкан 4 талапкер кыргыз тили боюнча сынактан өттү. Алар  Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев мамлекеттик тилди билүү боюнча сынакта жетишерлик добушка ээ болушкан. Талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу 26-июлда башталып, бир күндө төрт талапкер тестирлөөдөн өтүп турмакчы. Сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган сертификаттар тапшырылат.

Шайлоо мыйзамына ылайык, эми президенттикке көрсөтүлгөн жаран 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөп, шайлоо фондун ачышы керек. Булардын баары 1-сентябрга чейин тапшырылып бүтүшү зарыл. Андан кийин үгүт иштерине орун берилет.  КРнын президенттик кызмат ордуна талапкерди шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябарында өтөт.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"