Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке катышпай турганын кече, журналисттерге билдирген эле. Ал мындай чечимди көптөгөн саясый серепчилер жана кеңешчилер менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алып, спикер өлкөнүн туруктуулугу жана партиянын ичиндеге биримдик үчүн президенттик жарышка чыкпоо чечимине келгенин айтты. Турсунбеков КСДПнын 15-июлдагы курултайында бийликтеги бул партия өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду талапкер катары расмий аттандырганына карабастан, президенттик жарышка өзүн өзү көрсөтүү аркылуу катышуу ниетин билдирген.
Чыныбай турсунбеков журналисттерге пресс-конференция берип, жарым жолдон артка кайтты. Журналисттердин суроолоруна түз жооп бербей, а түгүл айрымдарыныкына жооп бербей да койду. Баарынан дагы президенттикке аттанам десем атаандаштарым коркуп кетип ар кандай кара пиарларды уюштуруп жиберем дегени кызык болду. Акырында президенттикке барбай турганын билдирип, бирок ошол эле учурда кимди колдоорун айткан жок. Саясий чөйрөдө серепчилер партиянын ичиндеги өзүнүн адамдарынын арасында ишенимди жоготуп алды. Көптөгөн душмандарды жаратып алды. Ошол үчүн аны төрагалыктан кетирүү аракети жакында башталат деген пикирлерди айтышууда.
Кандай болгон күндө да, спикер Чыныбай Турсунбековдун президент болом деген дымагы менен андан баш тарткандыгын серепчилер ар кандай сыпаттоодо.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"