Жаңылыктар
Өлкөдө бензин арзандады
Экономика
Өлкөдө бензин арзандады

Өткөн айдын акыркы кундөрүндө күйүүчү май орточо эсеп менен 50 тыйындан 1 сомго чейин арзандады. Муну серепчилер россиялык мунай заводдордо калыбына келтирүү жумуштары аяктап, өндүрүмдүн көлөмү көбөйгөнүнө байланыштырышат. 

Айталы азыр түндүк региондордо Аи-92 бензинин литри 37 сом 80 тыйын, түштүктө 39 сом 70 тыйындан сатылууда. 

Азыр республиканын аймагында айыл чарба азыктарын оруп-жыйноо, кургатуу, сактоо  иштери кызыган кез. Мындай шартта күйүүчү майларга болгон баанын арзандашы  дыйкандар үчүн кыйла ыңгайлуулуктарды жаратып жатканын адистер белгилешет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"