Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлердин тил сынагы уланууда
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлердин тил сынагы уланууда

Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сынак бүгүн дагы уланды. Сынактын бешинчи күнүндө Кубан Чороев, Турсунбек Акун жана Улукбек Кочкоров тест тапшырышты. Дагы бир талапкер Анвар Сартаев сынак тапшырууга келген жок.

2-августта жадыбал боюнча биринчи болуп Кубан Чороев кирди. Чороев мамлекет башчы болом деген талапкерлердин ичинен эң жашы. Мамлекет башчылык кызматты каалаган Чороев адистиги боюнча экономист, кыргыздын тарыхын, каада-салтын изилдеген “Байыркы көчмөн цивилизациясы” коомдук уюмунун жетекчиси. Тестирлөөнүн жыйынтыгында анын мамлекеттик тилди билүү деңгээлине компьютер 81 упай берди.

Күндүн жарымында сынакка кирген талапкер Турсунбек Акун мамлекеттик тил сынагынан 95 упай алды. Ал 2000-жылы дагы президенттик жарышка элге таанылуу үчүн чыгып, кыргыз тилинен экзамен тапшырган. Экс-акыйкатчыны бул жолку президентти шайлоо өнөктүгүндө “Адам укугу” партиясы жарышка алып чыкты.