Жаңылыктар
Ысык-Көлдө күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт
Спорт
Ысык-Көлдө күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт

5-6-август күндөрү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында көл жээгиндеги күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт. Ага өспүрүмдөр жана чоңдор катышат. Жаштар иштери жана дене тарбия боюнча агенттиктин маалыматы боюнча мелдешке Кыргызстандан тышкары жакынкы коңшу өлкөдөн спортчулар чакырылган. 

Грек-рим күрөшү, эркин күрөш, самбо, дзюдо, күрөш, бел кур күрөшү жана сумо боюнча беттештер болот. Мелдешти өткөрүүнүн башкы максаты - дүйнө чемпионатына жана эл аралык мелдештерге мыкты спортчулардан турган команда түзүү.