Жаңылыктар
Өкмөттүн аппаратынын кызматтык унааларынын саны кыскарды
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттүн аппаратынын кызматтык унааларынын саны кыскарды

Бюджеттик чыгымдарды үнөмдөө максатында өкмөттүн аппаратына жана министрликтер менен мекемелерге тиешелүү болгон кызматтык авто унаалардын саны кыскартылды. Бул боюнча Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакулов маалымат берди. 

Азыркы тапта Өкмөттүн Аппаратында бөлүмдөргө берилген унаалар эки эсеге кыскарды. Жаңы жылдын алдынан премьер-министрдин тапшырмасынын негизинде унааларды жана чыгымдарды кыскартуу боюнча атайын топ иштеп, жыйынтыгында өкмөттүн аппаратындагы унаалар буга чейин 22 болсо, азыр 11 болуп кыскарды. Эми 16- мартка чейин министрликтер менен мекеме-ишканалардагы унаалардын санын кыскартуу боюнча иштер жүрөт.