Жаңылыктар
Араван районунун дыйкандары бир жылда үч ирет түшүм алууга жетишет
Айыл чарба
Араван районунун дыйкандары бир жылда үч ирет түшүм алууга жетишет

Ак төөнүн карды жарылган азыркы тапта, күнөстүү Араван районунан мөмө менен жашылча-жемиштин бардык түрүн тапса болот. Араванда жер, мунун ичинен сугат жер тартыш. Бирок, жергиликтүү дыйкандар бир эле жерден эки, айрым учурда үч ирет түшүм алганга жетишет.

Бир караганга дарбыз сыяктанган бул коондун мекени - Анжиян делет. 10 жылдан бери дыйканчылыктын сырын мыкты өздөштүргөн Чек-Абаддык дыйкан, Азаматжан Хамыраев, 40 сотых жер аянтындагы капустасын жыйнап алгандан кийин, ордуна коон экти. Азыр дыйкан, экинчи дыйканчылыгынын алгачкы түшүмүн ала баштады.
Суулуу жерлер тартыш деп отурбай, жергиликтүүлөр бир эле жер тилкесинен бир жайда экиден, үчтөн түшүм алганга көнгөн. Маселен, эми гана көгөрө баштаган мына бул сабиздин ордунда буга чейин картөшкө бышкан.