Жаңылыктар
Улуттук онкология жана гематология борборунун имараты толугу менен жаңыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук онкология жана гематология борборунун имараты толугу менен жаңыланат

Улуттук онкология жана гематология борборунун имараты толугу менен реконструкцияланат. Учурда ооруканада оңдоп түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Дээрлик бардык имараттарынын чатыры, электр, суу өткөрүүчү түтүктөрү оңдолуп, сырткы келбети да жаңыланат.

Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагы макеттен кичинекей жана имараттары тыгыз жайгашкандай көрүнөт. Бирок бул алты гектарга жакын аянтты ээлеген жер тилкеси. Борбордун жетекчиси Эрнис Тилеков масштабдуу оңдоп түзөө иштери жүрүп жаткан аймактарды көрсөтүп, түшүндүрүп жатат.

"Ар бир имаратта жумуш кызуу жүрүүдө. Адистер шыптагы эски шыбактарды сүрүп түшүрүп жатышат. Эски электр өткөрүүчү зымдардын ордуна жаңы, сапаттуу жез зымдар орнотулуп жатат. Маселен ядролук медицина бөлүмүнүн эшиктери толук алмаштырылып жатат. Бул адамдарды зыяндуу шооладан коргоо үчүн",- деди Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков. 

Жогорудан караганда да бул жерде реконструкция иштери масштабдуу экени көрүнүп турат. Онкология борборунда мындай оңдоп түзөө иштери буга чейин эч качан болгон эмес. Бул жеңил желпи гана эмес, капиталдык ремонт иштери. Жалпы жонунан 5 миң чарчы метр жерде оңдоп түзөө жүрүп жатат.