Жаңылыктар
Садыр Жапаровго карай сот өкүмү чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаровго карай сот өкүмү чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп, "Бийлик өкүлүн барымтага алуу" боюнча айыптуу деп табылды. Садыр Жапаров быйыл Кыргызстанга келе жатып 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.