Бүгүн "Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып менен камакка алынган мүчөлөрүнө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өкүм угузулду.
Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жыл, Марат Султанов болсо 10 жыл күчөтүлгөн тартипте абакта кармала турган болду. Ал эми Александр Гусевге 6 жыл, Тойгонбек Калматовго 5 жылга шарттуу түрдө жаза мөөнөтү чегерилди.