Жаңылыктар
Облус борборлоруна эконом класстагы турак үйлөр салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Облус борборлоруна эконом класстагы турак үйлөр салынат

Кыргызстандын бардык облустарынын борборлорунда эконом класстагы турак үй салынаарын Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат кызматы билдирди. 

Мекемеден билдиришкендей, жергиликтүү администрациялар, мэриялар менен кызматташуу жер тилкесин жана коммуникация маселелерин чечүүдө жеңилдиктерди берүүдө. Мисалы, Нарын облусундагы тендердин жыйынтыгында “Минур” компаниясы жеңүүчү деп табылган. Учурда келишимдер даярдалууда. Учурда 5 кабаттуу, 60 батирлүү турак үйдун долбоорунун сметасы чыгарылды. Мындай үйлөр Жалал-Абад, Талас жана Баткен шаарларында салынат.