Жаңылыктар
Франция Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетет
Кыргызстан жаңылыктары
Франция Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетет

Франция Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетет. Бул үчүн республика биометрикалык чет элдик паспортторду берүүнү тездетиши керек. Бул тууралуу “ЭКСПО-2017” деп аталган Астанадагы көргөзмөнүн Кыргызстанга тиешелүү павильонуна барганда “Франция – Борбор Азия” парламенттер аралык достук тобунун төрагасы, француз сенатору Ив Поццо ди Борго билдиргенин Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады. 

“Биз Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетүүнү талкуулоого даярбыз. Бирок, бул үчүн өлкө жетекчилиги биометрикалык чет элдик паспортторду берүүнү тездетүүсү керек. Бул маселени чечүү Кыргызстанга Евросоюздун ишенимин арттырып, өлкөнүн коопсуздугун камсыздайт”,- деди француз сенатору. 

Ошондой эле, Ив Поццо ди Борго Кыргызстан туристтерге жагымдуу өлкө экенин баса белгиледи. Франция сенаторлорунун делегациясы “ЭКСПО-2017” көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильонуна августтун башында келип кетишти.