Жаңылыктар
Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, адамдар мерт кетти
Кырсык
Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, адамдар мерт кетти

2-август күнү Ысык-Көл районундагы Балыкчы — Чолпон-Ата унаа жолунда эки унаа кагышып, жыйынтыгында эки адам каза болгондугун ӨКМ кабарлады. 

"Тoyota Ist жана Honda Stream үлгүсундөгү унаалар кагышып, 45 жаштагы аял менен 12 жашар кыз каза болду. Ал эми жабыр таркан бир киши райондук ооруканага жеткирилген", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМдин өрт өчүрүү жана курткаруу кызматтарынын өкүлдөрү сөөктөрдү унаадан алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Расмий органдар бул кырсыктан эки адам көз жумду деп айтканы менен, күбөлөр үч адамдын өлүмү тууралуу маалымдашууда.