Жаңылыктар
Мегаком аукцион аркылуу эмес, түз сатылат
Кыргызстан жаңылыктары
Мегаком аукцион аркылуу эмес,  түз  сатылат

Мегаком компаниясы түз сатылат.  Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча жобого түз сатуу ыкмасын киргизүү боюнча  токтомдун долбоору  иштелип чыкты. Буга чейин компания 3 жолу сатыкка коюлуп, бирок,  жарыяланган аукцион өтпөй калган.  Учурда Мегакомду  сатууну тездетүү  зарылдыгы   келип чыкты.  Мындан улам  уюлдук операторду түз сатуу  сунушталууда.   

100 пайыз акциясына   мамлекет  ээлик  кылган  уюлдук  ири оператор  2016-жылы 300 миллион долларга бааланып, сатыкка коюлган. Аукцион  табыштамалар түшпөгөндүктөн мөөнөтү бир нече жолу жылган.  Андан кийин акция эки жолу  өтүп, баасы төмөндөтүлгөнүнө  карабастан  аны  сатууга мүмкүн болгон эмес.  Буга чейин  мамлекеттик мүлк фондунун  жетекчиси Болсунбек Казаковдун  Мегаком кандай  болгон кундө да сатылаарын билдирген эле.  

Эми  өкмөт  түз сатуу ыкмасын караштырып жатат. Бул багыттагы токтомдун долбоору иштелип чыкты.  Документте мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө аны белгилүү инвесторго түз сатуу ыкмасын киргизүү сунушталган. Мындай кадам айрым учурларда, мисалы, бир объектини сатуу үчүн үч жолку аракет ишке ашпаган учурда,  тактап айтканда,  аукциндо сатуу; сынакта  сатуу;  кийин сатылат деп башкарууну өткөрүп берүү; кийин сатылат деп ижарага берүүдө гана колдонулат.  

Ошентип, Өкмөт ,  Мегакомду  аукцион аркылуу эмес  түз  сатууну көздөп жатат.  Бул  зарылдык  өлкөдө катталып, аркасы кейиштүү  көрүнуштөргө  кептеп жаткан  жол  кырсыктарына   байланыштуу келип  чыкты. Мындай абалдын улам   компанияны  сатуу процессин тездетүү  керектигин  Чолпон Ата  шаарында  өткөн   маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев  баса белгиледи:  

Коомчулукта  кирешелүу делген  Мегакомду сатуу туура эмес  болуп калат деген коз караштар да болгон.  Бирок, каражат тартыштыгынан  улам   болуп жатканыдыгы белгиленип жатат.   Анан дагы адистер,   компаниянын  кирешесинин басымдуу бөлүгү  мамлекетке тушөөрүн  белгилеп,  мындай жагдайда  өнүгүүгө эч кандай каражат калбай калаарын айтышат.  Бул жол менен кете турган болсо, 2 жылда Мегаком    зыян тарткан компанияга айланат  дешет.  Бирок,  экономист   Бейшенбек Ишенов ,  эгерде 3 жолу компанияны сатылбаса, анда аны мамлекеттин балансына калтыруу керек деп эсептейт:  

Г.Усенова, Биринчи радио