Жаңылыктар
Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн курмандыктары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн курмандыктары эскерилди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мэри менен коомдук жана саясий ишмерлер, дин өкүлдөрү “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскеришти. 

Кыйын кезеңде эркиндик үчүн жанын аябай эрдик көрсөткөн бабаларды эскерүүгө келгендер гүлчамбарларды коюп, алардын арбагына багыштап куран окулду. 

“Жыл сайын август айынын алгачкы жумасында шейит кеткендерди эскерүү күн болот. Былтыр 100 жыл бою эскерүү салынган эмес эстелик салынды",- деди тарыхчы Кыяс Молдокасымов. 

Кошумчалай кетсек, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин “1916-жылы каргашалуу окуяда курман болгондорду эскерүү мемориалы” тууралуу жарлыгынын негизинде курулган "Үркүн" курмандыктарынын мемориалдык комплекси былтыр 2-сентябрда "Ата-Бейитте" ачылган.