Жаңылыктар
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине эмгек акы төлөө сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине эмгек акы төлөө сунушталууда

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесине айлык төлөнүшү мүмкүн. Өкмөттүн бул жобосун Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын маселелери боюнча иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдар жана ата-энелер менен талкуулашты. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматында, республика аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 29 миңден ашат. Алардын ичинен 6 миңге жакыны дайыма кароого муктаж. 24 саат боюу кароого муктаж балдардын ата-энеси баласын карагандан башка жумушта иштеп акча таба албайт. Ошондуктан мындай шарттагы ата-энеге айына 5 миң сом өлчөмүндө эмгек акы төлөө сунушталууда. 6 миңдей баланын ата-энесине ай сайын айлык төлөөгө республикалык бюджеттен 470 миллион сом талап кылынат. Убактылуу жобо кабыл алынып калса ал 2018-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген балага мамлекеттен ай сайын 3 миң сомдон жөлөк пул төлөнөт. Аларды караган энеге да жашоо минимумундагы акча төлөп келечекте пенсия алуусуна шарт түзөлү деп жатабыз. Бул жобо алдыда дагы оңдолот”, - деп билдирди Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова.