Жаңылыктар
Окуучулардын жол коопсуздугуна карата кандай чаралар көрүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Окуучулардын жол коопсуздугуна карата  кандай чаралар көрүлүүдө?

Жаңы окуу жылына чейин унаа жолдорду бойлой жайгашкан мектептердин жанына жол белгилерин жана жол чырактар орнотулат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги билдирди. Өткөн аптада Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мектептердин жол инфраструктурасын оңдоо боюнча жумушчу жыйында балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн сентябрь айына чейин жол белги, жол чырактарды жана жасалма тоскоолдуктарды орнотууну тапшырган. Жарым жылдын ичинде 569 жол кырсыгы катталса, андан 30 бала каза болуп, 700 жакынын жаракаттарды алган. Ал эми Республика боюнча 2238 орто мектептин 30% жолдун жээгинде жайгашкан. Деги эле балдардын транспорт кырсыгына кабылышын азайтууга кандай аракеттер жүрүүдө? 

Өлкө аймагында жыл башынан бери 569 жол кырсыгы катталып, бөөдө өлүмгө 339 адам кабылса анын 30 жаш балдар. Дагы 637 мектеп курагындагы бөбөктөр ар түрдүү жаракаттарды дал ушул жол кырсыгынан алган. Он гүлүнүн бири ачыла элек балдар транспорт кырсыган майып болуп же өмүр менен кош айтышууда.

Абалга Президент Алмазбек Атамбаев да тынчсызданганын билдирип, өлүмгө алып келген жол кырсыгынын күнөөкөрлөрүнө, айрыкча  мас абалындагы айдоочуларга  карата жоопкерчиликти катуулатуу зарылдыгын  17-июлда “Коопсуздук кеңешинин” кезектеги жыйынында айткан. Анда Атамбаев өлкөдө жол-транспорттук кырсыктардын саны өсүшүнө байланыштуу түзүлгөн  кырдаал, айрыкча анын кесепетинен балдар каза болуп жатканы,  кардиналдуу жана принципиалдуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып жаткандыгын баса белгилеген эле.

Коопсуздук кеңеши кабыл алган жол коопсуздугунун системасын  реформалоо боюнча чараларда балдардын өлүмүн азайтуу, кыска аралыкта жолдо “нөл курмандык” индикаторуна жетишүү маселесине чоң маани берилген. Алардын бири катары жаңы окуу жылына чейин унаа жолдорду бойлой жайгашкан мектептердин алдында коопсуздук чараларын көрүү дейт Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков да өткөн аптада мектептердин жол инфраструктурасын оңдоо боюнча жумушчу жыйында “балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы окуу жылы башталгыча жол белгилерин жана жол чырактарын, тиешелүү белгилерин орнотуу боюнча иштерди баштоо тапшырмасын койгон эле. Ага ылайык учурда Бишкектин көчөлөрүндө жумуштар жүрүп, мектептердин алдында жасалма тоскоолдуктар коюлууда.

С. Идирисов, Биринчи радио