Жаңылыктар
БШК: эки талапкер президенттикке ат салышуудан баш тартты
Шайлоо 2023
БШК: эки талапкер президенттикке ат салышуудан баш тартты

Президенттикке талапкер болуу үчүн Боршайкомго арыз тапшыргандардын экөөсү ат салышуудан баш тартты. Алар 62 жаштагы пенсионер Анвар Сартаев жана "Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо" фондунун президенти, 60 жаштагы Нусрет Муса-Оглы Мамедов. 

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. Ага талапкер болуп катталууга жалпысынан 59 жаран арыз тапшырган. Он бирин партиялар көрсөтсө, кырк сегизи өзүн-өзү көрсөткөндөр. Талапкер деген күбөлүк алыш үчүн алар мамлекеттик тил боюнча тест тапшырып, 30 миң кол топтоп, 1 миллион сом күрөө коюшу керек. Сартаев менен Мамедов бул талаптардын бирин да аткара электе арызын кайтарып алган.