Жаңылыктар
Жалал-Абадда ич өткөк оорусу күч алды
Ден соолук
Жалал-Абадда ич өткөк оорусу күч алды

Жалал-Абадда ич өткөк оорусу күч алды. Облустук ооруканага июль айында эле кайрылгандардын саны 140ка жеткен. Айрыкча балдар оор абалда келүүдө дешет дарыгерлер. Мындан улам, ден соолук сакчылары ата-энелерди жоопкерчиликтүү болуп, балдарга мөмө-жемиштерди таза жууп, сүт азыктарын, тамак аштарды байкап жедирүүгө чакырышат. 

Анткени, чымын-чиркейдин көбөйүшү жугуштуу оорулардын козголушуна себеп болууда. Ага кошумча ич өткөк оорусунун биринчи белгилери байкалаары менен дарыгерге кайрылууну сунушташат. Анткени, үй шартында дарылоого далалат кылып, ооруну өтүштүрүп жиберген учурлар көп болууда дешет адистер. Учурда облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 38 бейтап жатса анын ичинен 28 балдар.

"Күнүнө ич өткөк менен кайрылгандар болуп жатат. Акыркы жума ичинде эле 35 жаран келди. Айрыкча 1-5 жаштагы балдар көп келип жатат. Чоңдор деле бар, алардын ичинен ооруканага жаткырылганы күнүнө 10го жетип жатат",- деди Жалал-Абал облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайналиева.