Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында КМШ өлкөлөрүнүн маданий кеңешинин жыйыны өтүүдө
Маданият
Чолпон-Ата шаарында КМШ өлкөлөрүнүн маданий кеңешинин жыйыны өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн маданий кеңешинин жыйынына Казакстан, Тажикистан, Россия, Белорусия жана Кыргызстандын маданият министрлери, орун басарлары жана Россиядагы Гнесин атындагы музыка академиясынын, Герасимов атындагы киноматография институтунун өкүлдөрү катышып, акыркы беш жыл аралыгындагы КМШ өлкөлөрүндө болуп өткөн маданий иш-чаралар боюнча талкууларды жүргүзүштү. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан тарап чогулгандарга акыркы жылдары маданият министрлиги, деги эле өлкөдө өткөрүлгөн маданий иш чаралар боюнча толук маалымат берди. Мындан сырткары, КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлгөн маданий иш чаралардын маңызы, аларга жалпы коомчулук пикири кандай болуп жаткандыгы боюнча да талкуулар болду. Негизинен чогулгандар эки күн бою он беш маселе карашат. Алардын эң маанилүүсү 2018-жылы «ART EXPO» эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү жана КМШ мамлекеттеринде 2018-жылды маданият жылы деп жарыялоо боюнча сунушу болмокчу.

"Кеңешменин негизки максаты жыл сайын ушунтип чогулабыз. Анан жыл сайын маданият тармагында ар бир мамлекетте кандай прогрессивдүү идеялар болуп атат, анан мындан аркы кызматташууда кандай шарттарга барабыз, кийинки кадамдарыбыз кандай болот, ошолор боюнча түз отуруп кеңешип алабыз. Азыр мына кабыл алына турган резолюцияга ылайык 2018-жылы «ART EXPO» эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү болуп жатат. Анан Ысык-Көл жээгинде ачык асман алдында чоң- чоң концерттерди берүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат. ВГИКке барып КМШ мамлекеттеринин окуучуларын окутуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат",-деди Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. 

"Сүйлөшүүлөрүбүздүн эң маанилүсү 2018-жылды КМШ өлкөлөрүндө маданият жылы деп жарыялоо сунушу болуп жатат. Менин билишимче Кыргызстан 2016-жылды маданият жылы деп жарыялаптыр, Белоруссия да 2016-жылды маданият жылы жарыялаган. Мындай кадам, негизи КМШ өлкөлөрү үчүн кандай маани берет, кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин биз азыр КМШ өлкөлөрүндөгү маданият тармагындагы кесиптештерге айтып, тажрыйба алмашып жатабыз",- деди Белоруссия маданият министри Борис Светлов.