Жаңылыктар
Ош-Хорог - дүйнөдөгү эң кооз унаа каттамына кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош-Хорог - дүйнөдөгү эң кооз унаа каттамына кирди

Дүйнөдөгү эң кооз автожолдор тизмесине Ош-Хорог унаа жолу кирди. Мындай бүтүм National Geographic журналына жарыяланган. Экинчи орунга татыктуу деп табылган Ош-Хорог унаа каттамы Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирип турган негизги жол болуп эсептелинет. Жолдогу үч ашуу туристтер өтүүчү Памир тоосу аркылуу өтөт.

Алар: бийиктиги 3615 метр Талдык, 4280 метр Кызыл-Арт жана 4655 метр Акбайтал ашуулары. Ал эми эң кооз каттам рейтингинин сап башына Франциянын Вердон капчыгайы кирди.