Жаңылыктар
Баткен: таштанды төгүүчү жай элге ыңгайсыздык жаратууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: таштанды төгүүчү жай элге ыңгайсыздык жаратууда

Баткен шаарынын четине түшкөн жаңы конушка жакын жайгашкан таштанды төгүүчү жай конуш элине ыңгайсыздык жаратууда. Жашоочулар маселени айтып бийликтин эшигин далай жолу какканы менен эч кандай майнап чыккан эмес. Ал эми айрым айылдардын четинде болсо акыр-чикир үйүлгөн бойдон тазаланбай жатат.

Баткен облусунда калктын саны өсүп мындан 5 жыл мурун мыйзамдуу түрдө кезекте турган жарандарга жер тилкеси кесилип берилген. Андан бери 100дөй үй-бүлө там салып жашап жатат. Бирок конушта жол, тазалык жана иче турган суу маселеси чечиле элек.
Бийлик өкүлдөрү маселе чечилет деп ишендирет. Ага чейин конуш эли чаң баскан көчө менен басып, сууну сатып ичип чымын-чиркейдин талаганына кайыл болуп күн кечирүүгө аргасыз.