Жаңылыктар
Балыкчынын кире беришиндеги унаа тыгындары соодагерлердин айынан пайда болууда
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчынын кире беришиндеги унаа тыгындары соодагерлердин айынан пайда болууда

Балыкчынын кире беришиндеги жолдо жаралган унаа тыгындары жол жээгинде жайгашкан соодагерлердин айынан пайда болууда. Мындай маалыматты Балыкчы шаарынын мэриясынан билдирди. Ал эми сатуучулар ал жайды үй-бүлөсүн бага турган киреше булагы экенин белгилеп, жергиликтүү бийликке маселени оң жагына чечип берсеңер деп кайрылышты. 

Жыл сайын жайдын саратанында Балыкчынын кире беришиндеги жолдун жээгинде жайгашкан бул соодагерлердин иши жакшы жүрөт. Алар өрүк, балык жана чычырканакты ары-бери өткөндөргө сатып, акча табышат. Көлгө эс алууга келгендер да сөзсүз токтоп, соода кылууну адатка айландырып алышкан.
Шаардык бийлик жол жээгиндеги балык менен өрүк саткандарды азыр ордуларында калтырды. Бирок дем алыш күндөрү алар милдеттүү түрдө жаңы салынган базардан сатып турушат.