Жаңылыктар
Өзгөн: кырсыктан жабыркагандарга каражат эбак бөлүнгөн
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөн: кырсыктан жабыркагандарга каражат эбак бөлүнгөн

Ар кандай жаратылыш кырсыктарынан улам баш паанексиз калган жарандарга өкмөт тарабынан чукул убакыттын ичинде жер тилкелери берилип, жашоосун улаганга толук шарт түзүлдү. Өзгөндүн ар кайсы аймактарынан орун которгон жарандар отурукташкан аймактын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн мамлекеттин бюджетинен ири акча каражаттары бөлүнүп берилди. Тилекке каршы, айрым мекеме-ишканалар өкмөттүн мына ушул аракеттерине көлөкө түшүрүп, элдин өкмөткө болгон ишенимине доо кетирүүдө.

Аптаптуу саратандын күнүндө Ынтымакта иш кызуу жүрүп жатат. Мындагы 832 жер тилкенин 702си ээлерине бөлүнүп берилди. Курулушу жүрүп жаткан 100 үйдүн теңинин дубалы бүтөйүн деп калса, кээлери пайдубалын түптөөдө. Жаңыдан көчүп келип, үйүнүн ордун ырастап жаткандары да бар.

Таза суу тартып келүүчүлөргө мамлекет тарабынан тийиштүү акча каражаты эбак бөлүнгөндүгү маалым болду. Департамент өкүлдөрү дагы эле болсо, таза суу чыгарууну эртеңкиге калтырып, убада кылгандан эринчү түрү жок.