Жаңылыктар
Баткенде ар улуттун башын бириктирген форум өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде ар улуттун башын бириктирген форум өттү

Баткен шаарында ар улуттун башын бириктирген "Ыймандуу жана маданияттуу коом-мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги" форуму өттү. Облус аймагында жашаган улут өкүлдөрү бир  аянтка чогулуп, салт-санаасын, маданиятын чагылдырышып, улуттук кийимдердин көргөзмөсүн  уюштурушкан. Бул күнү Кыргызстан элдер ассамблеясынын Баткен бөлүмүнүн ачылышы болду. 

Буга чейин мындай иш чара Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында белгиленген. Ал эми бул ирет Баткен жергесинде өткөрүлүп, ага жалпы 250 миң сом каражат бөлүнгөн. Форумдун алкагында Кыргызстан элдер ассамблеясынын Баткен бөлүмү ачылды. Эске салсак Кадамжай районунда тажик диаспорасы, Лейлек районунда өзбек маданий борбору жана Сүлүктү шаарында орус диаспорасы бар.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"