Жаңылыктар
Жээнбеков этникалык кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков этникалык кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков этникалык кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугуп, "Кайрылман" программасынын аткарылышын талкуулады. Жолугушууда кайрылмандар ыңгайлашуу, жарандык жана турак жай алуу, социалдык жана медициналык тейленүү, жумушка орношуу жагынан мамлекеттин колдоосуна муктаж болуп жатканы айтылды. Анда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кайрылмандардын тарыхый мекенине тезирээк ынгайлашуусу үчүн болгон күчүн жумшарын билдирди. 

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы 1023 адам кайрылман статусуна ээ болсо, бул жылдын  1-июнуна карата 682си алган. Кайрылмандар көпчүлүгү Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй областтарына отурукташат. Ал эми Кытайда 200 миңге жакын эткникалык кыргыздар жашайт.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"