Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында жаңы салынган үйдөн өрт чыкты
Кырсык
Жалал-Абад шаарында жаңы салынган үйдөн өрт чыкты

Жалал-Абад шаарынын “СМУ” кичи районунда жаңы салынып, чатырына чейин жабылган эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Өрт кечки саат төрт жарымдар чамасында катталган. Ал эми келип чыккан тилсиз жоону өчүрүп калуу үчүн биринчилерден болуп, жергиликтүү жашоочулар аракет көрүшкөн. Бирок, жалынды өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес. Бактыга жараша, өрт өчүрүү кызматы учурунда келип,турак үйдүн 70 пайызын сактап калышты. Болбосо тилсиз жоо турак үйдүн чатырына чыгып, жанаша турган үйлөрдү каптамак. Кароосуз, башкача айтканда, жаңы салынып, бирок ээси жашабаган турак үйдөн келип чыккан өрттүн белгисиз себептери такталууда.

“Өрт кырсыгынын келип чыккан божомолдуу себеби, өзүңүздөр көрүп турасыздар турак үй жаңы салынып бүткөн. Азыр мында эч ким жашабагандыктан, короо алдында чөптөр өсүп кеткен. Өрт ошол кургак чөптөн чыккан деген божол бар. Азыр тактоо иштери жүрүп жатат”,- деп билдирди Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматынын бөлүм башчысы Канатбек Карабеков.

“Үйдү жаңы эле салып бүткөнбүз. Жада калса, үй ичине электр чубалгыларын алып кире элек болчубуз. Мен таң калып жатам. Өрт кантип чыкканына. Бирок коңшуларга, өрт өчүрүү кызматына рахмат. Үйдү сактап калышты”,- дейт күйүп кеткен үйдүн ээси Салима Сейталиева.