Жаңылыктар
Кумар оюндары жашыруун иш алып барууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кумар оюндары жашыруун иш алып барууда

Бишкек шаарында кумар оюндарын жабуу маселеси жыйында айтылды. Анткени 13-майда аталган оюндарды жабуу боюнча мыйзам кабыл алынып, ал 30 күндөн кийин күчүнө кирген. Бирок учурда кумар оюндары жашыруун иш алып барууда. 

Бул боюнча “Сезим” кризистик борбору жыйын куруп, анда ата-энелер балдары оюнга азгырылып, көп суммадагы акча коюп ойноп жатканын айтып чыкты. 

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 13-майында президент Алмазбек Атамбаев "Лотереялар жөнүндө" мыйзамга кол коюп, ал бир айдан кийин күчүнө кирген. Анткен менен жашыруун иш жүргүзүп жаткан кумарканалар шаар тургундарын тынчсыздандырууда.

Тутан Валерий уулу, “Биринчи  радио”