Жаңылыктар
Президенттикке талапкер Руслан Жунусов тесттен жетиштүү упай алган жок
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкер Руслан Жунусов тесттен жетиштүү упай алган жок

Президенттик кызматка талапкер Руслан Жунусов мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн 46,1 балл алды. Жетиштүү упай албай калгандан улам Жунусовго мамлекеттик тилди ортодон жогору деңгээлде билет деген сертификат тапшырылбайт.

Жадыбал боюнча экинчи болуп сынак тапшыруучу талапкер Мирлан Шерикул уулу ал эч кандай билдирүүсү жок тесттен өтүүгө келген жок. Дагы бир талапкер Арсланбек Малиев ден соолугуна байланыштуу тест тапшыруу убактысын башка күнгө жылдырып берүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган. Бүгүн тест тапшырчулардын арасында талапкер Сооронбай Жээнбеков дагы бар.