Жаңылыктар
Өзгөн базарынан чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду
Кырсык
Өзгөн базарынан чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду

Өзгөн базарынан чыккан өрт боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы эки кылмыш ишин козгоду. Кырсыктан улам келтирилген чыгым 65 миллион сомго бааланды. Мунун ичинен 25 миллион сому ар кандай банктардан алган насыялар экендиги такталды. 

Бул туурасында кырсыктын кесепеттерин жана чыгымдарын иликтөө максатында түзүлгөн атайын комиссиянын төрагасы Бактыбек Алайчиев билдирди. Азыркы тапта базарды калыбына келтирүү чаралары жүрүп жатат. 20-августка чейин базар кайрадан калыбына келтирилип, ишке кирип калышы пландалууда.

 "Козголгон кылмыш иши бул 1- өрт өчүрүүчү унаалар өтүүчү жолго коюлган соода орундарына ким уруксаат берген, экинчи өрт эмнеден келип чыкты. Комиссия иштеп жатат",- деди Өзгөн районунун акиминин орун басары Бактыбек Алайчиев.