Жаңылыктар
Көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы тапшырылды

Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы тапшырылды. Жалпы 25 энеге “Баатыр эне” ордени тапшырылса, 1 энеге “Эне Даңкы” медалы ыйгарылды. Бул ардактуу наамга татыган энелер 7ден 9га чейин уул-кыздарды төрөп, татыктуу тарбия берип жаткандар. Ал эми Кыз-Көл айыл аймагы 12 айылдан туруп, 15 миңден ашуун калкы бар. Айыл аймактын социалдык жактан коргоо боюнча башкы адисинин айтымында, буга чейин 125 эне “Баатыр эне”орденин алгандар. Ал эми жалпы Сузак району боюнча “Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлангандардын саны 2 миңге чукулдайт.

“Мен 9 баланын энесимин! Балдарымдын баардыгына татыктуу тарбия берүүдөмүн деп ойлом. Эми биздин балдар келечекте мекен үчүн өз кызматын көрсөтөт деп ишенем. Ал эми алып жаткан сыйлыгым үчүн абдан сүйүнүп жатам. Айтаарым энелер ар дайым аман болсун”,- дейт Кара-Март айылынын тургуну Миргүл Жаамбаева.

“Быйылкы жылга жалпы 35 эненин документтерин толуктап жибергем. Бүгүнкү күндө 25 эненин ордени жана 1 “Эне Даңк” медалы келди. Ал эми калган 15 эненин документтеринен маселе болгон үчүн кайра артка кайтарылды. Аларды кийинки жылга тууралап жиберебиз”,- деди Кыз-Көл айыл аймагынын социалдык жактан коргоо боюнча башкы адиси Макамбай Кадыров.