Жаңылыктар
ИИМде кызматтар ачылып, башчылары дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМде кызматтар ачылып, башчылары дайындалды

Ички иштер министрлигинде кызматтар ачылып жана алардын башчылары дайындалды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, криминалдык милиция, маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызмат, ички иликтөөлөр кызматы тергөө кызматы, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызмат жана коомдук коопсуздук кызматы болуп, жалпысынан 6 кызмат ачылды. 

Бул иштер президенттин 2016-жылдын 18-июлундагы күч органдарын реформалоо жөнүндөгү жарлыгын жана өкмөттүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги ички иштер органдарын реформалоо чаралары тууралуу токтомун ишке ашыруу, жарандардын укугун жана коомдук тартипти коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында түзүлдү.