Жаңылыктар
Баткен: чек ара тилкесиндеги Дөбө айыл тургундары таза сууга зар
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: чек ара тилкесиндеги Дөбө айыл тургундары таза сууга зар

Баткен облусундагы чек ара тилкесинде орун алган Дөбө айылында социалдык маселе курч бойдон калууда. Элет эли таза сууну коңшу айылдардан ташып убара тартууда. Ал эми бир нече жыл мурун өзүлөрү жыгачтан тургузган электр мамылар эмдигиче алмашыла элек. 

Зайнолобидиндин негизги жумушу суу ташымай. Чоң үй-бүлөдө жашаган жигит күн чыккандан кечке чейин коңшу айылдан 4-5 жолу суу тартып келет. Велосипедине челектерин артынып алып бир каттаганда 4 чакырымдан ашык жол жүрөт. Иче турган суу ташыйм деп жүрүп ишинен дагы калат.