Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тилден сынакты ийгиликтүү тапшырды
Шайлоо 2023
Сооронбай Жээнбеков  мамлекеттик тилден сынакты ийгиликтүү тапшырды

Президенттикке талапкерлердин эне-тилден сынак тапшыруусу уланып жатат. Бүгүнкү күнгө белгиленген графиктеги талапкерлердин арасынан Арслан Малиев сынак тапшырууну башка күнгө которуу боюнча комиссияга өтүнсө, Мирлан Шерикул уулу сынакка таптакыр келген жок жана эч кимге эскертме да берген эмес. Ал эми Руслан Жунусов жеткиликтүү упай ала албагандыктан мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калды. Талапкерлердин арасынан мамлекеттик тилден тестти ийгиликтүү тапшырган Сооронбай Жээнбеков болду. Ал 94,6 пайыз упай алып, колуна сертификат тапшырылды.

Мамлекеттик тилден тестти ийгиликтүү тапшыруу президенттикке талапкер болуп каталуудагы негизги шарттардын бири. Сынак болсо төрт баскычтан турат. Журналисттерди тесттен канча упай алат деп кызыктырган талапкерлердин бири Сооронбай Жээнбеков болду. Өкмөт башчы сынакта 1 саат 50 мүнөткө чукул болду. Бул убакыт аралыгында Сооронбай Жээнбеков “Кыргызтест” системасы боюнча бекитилген баардык жол-жоболорду талаптагыдай аткарып, сынакты ийгиликтүү тапшырды. Мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билээрин тастыктаган сертификатка ээ болду. 94,6 пайыз упай алды.

Мындай сынакты студенттик жылдары тапшырганын айтып, ошентсе да турмушта далай сыноолордон өткөнүн айткан Сооронбай Жээнбеков тестти тапшыргандан кийинки таасирлери менен бөлүштү. Талапкер үчүн сынактын ар бир баскычы кызыктуу болду. Жээнбековго кыргыз адабияты боюнча залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повести туш келген.
Талапкерлердин арасынан мамлекеттик тилден сынакты ийгиликтүү тапшырган Сооронбай Жээнбеков тесттин жыйынтыгына ыраазы. Бүгүнкү күнгө белгиленген графиктеги талапкерлердин арасынан Арслан Малиев сынак тапшырууну башка күнгө которуу боюнча комиссиядан өтүнгөн. Мирлан Шерикул уулу болсо сынакка таптакыр келген жок, эч кимге эскертме да бербептир. Ал эми Руслан Жунусов чайналып, жеткиликтүү упай ала албагандыктан мамлекеттик тил сынагын тапшыра алган жок. Ал 46, 1 упай гана алган. Ушул күнгө чейин президенттикке талапкерлердин жыйырма төртү мамлекеттик тилден тест тапшырды. Талапкерлердин эне-тилден сынак тапшыруусу уланып жатат.