Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоого алынган дары-дармектердин сапаты кылдат көзөмөлдөн өтүүдө
Ден соолук
Мамлекеттик каттоого алынган  дары-дармектердин сапаты  кылдат көзөмөлдөн өтүүдө

Борбордук көзөмөл-аналитикалык лаборатория жана анын түштүктөгү филиалы ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берет. Бул тууралуу дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчисинин орун басары Нурлан Дүйшөналиев билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик каттоого алуу жана сертификаттоого берилген бардык дары-дармектер сапаты жана коопсуздугу боюнча кылдат көзөмөлдөн өтүүдө.

Борбордук көзөмөл-аналитикалык лабораториясы эки багыт боюнча текшерүү жүргүзөт: физика-химиялык жана микробиологиялык. Мисалы, мына бул бөлмөдө иштеп жаткан алты адис дары-дармектин сапатын нормативдик документтер менен дал келүүсүн текшерип жатышат.

Лаборатория бардык керектүү тесттер жана реактивдер менен камсыз болгон. Текшерүү процессине керек болгон дарылардын стандарттык үлгүлөр банкы көп убакыт аралыгында толугу менен түзүлгөн. Сапатты текшерүү жоопкерчиликтүү иш болгондуктан, лаборатория жаңы жабдыктар менен жабдылган. Дары-дармектердин сапатын текшерүү - медициналык продукцияны каттоо жана сертификациялоодо эң маанилүү бөлүк. Бул департаменттин негизги милдети.

Сертификаттоо учурунда сапатсыз дарылар да чыгат. Сапаты төмөн дары-дармек фармацевтикалык көзөмөл бөлүмүнө жиберилет. Ал жактан жок кылынат же ээсине кайтарылат. Мындай лаборатория өлкөнүн түштүгүндө да бар. Алдыда текшерүүнүн көлөмүн кеңейтип, жаңы жабдыктарды сатып алуу мерчемделүүдө. Жалпылап айтканда, лаборатория эл аралык стандартка жана ЕАЭБдин талаптарына жооп берет, - дешет серепчилер.