Жаңылыктар
Кыргыз темир жолуна - 93 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз темир жолуна - 93 жыл

Август айынын алгачкы жекшембиси - Кыргыз темир жолчуларынын күнү. Кесиптик майрамды утурлай, Бишкекте темир жолчулардын майрамдык иш-чарасы өттү. Анда үзүрлүү эмгектенип келаткан бир катар кызматкерге сыйлыктар ыйгарылды. Саамалык Кыргызстанда 23 жылдан бери белгиленип келет. Иш-чарага кабарчыбыз Жайнагүл Тазабекова катышып келди.

Кыргыз темир жол ишканасы 1924-жылы алгачкы каттамын ишке ашырган. Ийгиликтүү иштеп келе жатканына быйыл 93 жыл толду. Учурда ишкана беш миң кызматкерди жумуш орду менен камсыздап келет.

Август айынын алкачкы жекшембиси - Кыргыз темир жолчуларынын күнү. Кесиптик майрамды утурлай, үзүрлүү эмгектенип келаткан алдыңкы кызматкерлердин эмгеги бааланды. Тактап айтканда "Ардактуу темир жолчу" наамы жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Учурда вагондордун абалы жакшыртылган. Жалпысынан 360 ашык вагон Орусияга 3 багыт, өлкө ичинде 2 багыт боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт. Жакынкы аралыкта 150 кошумча жүк ташууга арналган вагон сатылып алынат. Анткени КМШ өлкөлөрүнө миңдеген тоннадагы жүк кечиктирилбей жеткирилиши зарыл. Ишкананын өнүгүүгүсү мамлекеттин экономикасынан көз каранды. Анткени мекеме өзүн өзү каржылап келет.