Жаңылыктар
Бишкекте 7 айдын аралыгында мыйзамсыз курулган 2 жарым миң объект түрттүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 7 айдын аралыгында мыйзамсыз курулган 2 жарым миң объект түрттүрүлдү

Мэриянын маалыматы боюнча, түрттүрүлгөн объектилерде тиешелүүкызматтардын руксаат берүүчү документтери болгон эмес. Мындан тышкары шаардын көрүнүшүн жакшыртуу максатында, вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиев Бишкек шаардык башкы архитектурасына жарнама такталарын иретке келтирүүнү, ушул мыйзамсыз курулуштар боюнча иштеген штабдын жыйынында тапшырма берди.

Жыйында ошондой эле мэриядагы тийиштүү кызматтарга мыйзамсыз курулуштардын алдын алып, натыйжа бере турган тийиштүү программаны иштеп чыгууну тапшырды.