Жаңылыктар
Кыргызстандагы 60 мектепте электрондук китепкана ачылат
Билим
Кыргызстандагы 60 мектепте электрондук китепкана ачылат

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мындай заманбап китепканаларды ачуу үчүн 60 мектепке 20дан компьютер, төрттөн ноутбук, төрттөн проектор, стол жана стулдар алынат.

Негизинен электрондук китепканаларды бардык облустардагы мектептерге ачуу мерчемделди. Ал арада билим берүү министрлиги окуу китептерин электрондук форматка өткөрүү боюнча иштерди колго алууда.