Жаңылыктар
Ош шаарында жаңы велосипед жолу курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында жаңы велосипед жолу курулду

Ош шаарында Ак-Буура дарыясын бойлой узундугу 2 километр 600 метрди түзгөн жаңы велосипед жолу курулду. Жаңы салынган велосипед жолунун ачылышы жакынкы күндөргө пландалып жатканын Ош мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Талант Канатбек уулу билдирди. 

Маалымат катчы өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына веложолдун асмандан тартылган видеосун жүктөдү. Анын айтымында, мындай жолдун курулушу Ош шаардык мэриясы тарабынан демилгеленип жана каржыланган. Ак-Буура дарыясын бойлой салынган жол Токтогул сейил багынан тарта Навои сейил багынын ортосуна чейин созулат. 

Веложол бир гана велосипед сүйүүчүлөр үчүн эмес, бардык шаар тургундарына эс алуу аймагы катары курулду. Долбоордун алкагында бир нече сквер, Ак-Буура дарыясына көпүрө жана спорттук аянттар түштү.