Жаңылыктар
Дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбандар күмүш медалга ээ болушту
Спорт
Дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбандар күмүш медалга ээ болушту

Күрөш боюнча жаштардын дүйнө биринчилигинде финалга чыккан кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Роман Ким атаандаштарына жеңилип, күмүш медалга ээ болушту. 

Биринчи болуп килемге чыккан Шаршенбеков 55 килограммдык салмакта беттешип, түркиялык балбан Керем Камалга 12:3 эсебинде жеңилип калды. Ал эми 120 килограммдык салмак категориясында беттешкен Роман Кимди грузиялык балбан Звиад Патаридзе 6:2 эсеби менен утту. Финляндиянын Тампере шаарында өткөн эркин, грек-рим, жаштар жана кыздар арасындагы күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат 1-августта башталып, 6-августта жыйынтыкталды.