Жаңылыктар
ЕАЭБ: жүк ташуудагы көйгөйлөр чечилүүдө
Экономика
ЕАЭБ: жүк ташуудагы көйгөйлөр чечилүүдө

Ысык-Көлдө Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин сегизинчи отуруму өтүүдө. Мында транспорт, жүк ташуу жана аба менен жүк, эл ташуу маселелери каралууда. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан бул биримдике киргенине эки жыл убакыт өттү. Бул аралыкта Кыргызстан менен Россия ортосундагы жүк ташуу эки жарым, Казакстан менен он үч ал эми Белоруссия менен беш эсе өскөн. Отурумдун алкагында Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы жүк ташууда келип чыккан айрым көйгөйлөр да каралмакчы. Башкача айтканда, Казакстан тарап ушул жылдын февраль айынан тарта өлкөнүн түштүк облустарына жүк жеткизүүдө транзиттик тариф колдоно баштаган. 

Бул өз кезегинде айрым жүк ташуучулардын экономикалык жактан зыян тартуусуна алып келүүдө. Бул багытта Кыргызстан тарап ортодогу буга чейинки макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мындан сырткары, отурумдун жүрүшүндө аба каттамдары, КМШ мамлекеттери ортосундагы жүк ташуучулар туш болгон айрым орчундуу маселелерди карап, аларды чечүү боюнча альтернативдүү жолдорду издешет.

"Казакстан менен чектешип жаткандан кийин айрым орчундуу маселелер бар жүк ташуу боюнча. Мында транзиттик тариф боюнча биз сунушубузду берип министрлер менен талкуулайбыз. Мындан сырткары, негизинен эле жолтранспорту, темир жол транспорту, аба транспортундагы көйгөйлүү маселелерди карап, аларды чечүү жолдорун карайбыз",-деди Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов.

"Бүгүн эки тараптуу эмес көп өлкөлөрдүн министрлери жолугуп жаткан иш чара. Бирок биз учурдан пайдаланып Кыргызстан менен кенен отуруп ортодогу маселелерибизди сүйлөшүп алабыз. Мындан сырткары, биз башка дагы ортодо келип чыккан маселелерибизди чечип алышыбыз керек. Алар аба менен жүк жана эл ташууда,транспорт көйгөйлөрү. Аларды тыкыр карап чечип алалы деп чогулдук, себеби эки өлкө ортосунда жыл сайын жүк ташуу, башка тармактар өнүгүп жатпайбы",- деди Россия Федерациясынын транспорт министри Максим Соколов.