Жаңылыктар
Мунайдын баасын көтөрүү аракети ишке ашабы?
Экономика
Мунайдын баасын көтөрүү аракети ишке ашабы?

Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму болгон ОПЕКке мүчө мамлекеттер өндүрүштү кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул күйүүчү майдын баасын көтөрүү максатында жасалган аракет. Орус президенти Владимир Путин жергиликтүү мунай өндүрүүчүлөр менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калганын кабарлады.

Күйүүчү май канчалык көп сатыкка чыгарылганы менен бүгүнкү керектөөнүн көлөмү ага шайкеш келбей жатат. Мунай өндүргөн өлкөлөр өндүрүштү кыскартууну бааны көтөрүүнүн жалгыз чарасы катары көрүп турат. ОПЕКтин мүчөлөрү бул багытта сүйлөшүүлөрдү узак убакыттан бери жүргүзүүдө. Орус президенти аталган уюм менен макулдашуулар март айынын аягына чейин жетишилээрин кабарлады. Бул дүйнөлүк экономикага таасир бере турган кадамдар.

Орус президенти Владимир Путин жергиликтүү мунай өндүрүүчүлөрдү кабыл алууда мурда күтулгөндөй эле баанын туруксуздугуна байланыштуу сөз козгоду. Өндүрүш кыйла өнүгүп жатат, бирок Кремлди нарк маселеси кубандырбайт.

“Көмүртектин глобалдык рыногу канчалык туруксуз экенин  көрүп турабыз. Ага биринчи кезекте дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн басаңдашы  өңдүү фундаменталдуу фактор таасир этип жатат. Баанын төмөндөшү мунай өндүргөн  компанияларга олуттуу сокку болду. Капиталдык чыгымдар былтыр 2014-жылга  салыштырмалуу 7, 8 пайызга көбөйгөн. Ал эми экспорттун көлөмү позитивдүү  көрсөткүчкө ээ. Былтыр чет өлкөлөргө чыгаруулар 241 миллион тоннага жеткен. Энергетика  министри дүйнөлүк өнөктөштөр менен быйыл өндүрүштү  өстүрбөө боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыгып  калганын кабарлады”.

Белгилүү болгондой ОПЕКке мүчө өлкөлөр март айынын аягына чейин сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктайт. Уюмдун ичиндеги өлкөлөрдүн саясаты бири-бирине карама-каршы. Мунай державалары болгон Иран менен Сауд Аравия өндүрүштү кыскартуу маселесинде мурдатан эле ача пикирде. Эр-Рияддын демилгеси кескин түрдө четке кагылган. Буга чейин күйүүчү майды өзү каалагандай өлчөмдө сата албай келген Иран эл аралык санкциялардын жоюлушу менен өндүрүштү эки эсеге көбөйтөөрүн жар салып келет. Бул өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн 1 баррель 30 доллардан болсо да Тегеран үчүн көйгөй эмес деп айтканы бар.  Сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жаткан учурда да көпчүлүктүн сунушуна макул болгон жок. Орусия ОПЕКтин курамындагы Сауд Аравия, Катар жана Венесуэла менен өндүрүштү кыскартуу боюнча өткөн айда макулдашкан болчу. Бирок, бул үчүн башка мамлекеттер да макул болушу керек эле. Ага көнбөгөн Тегеранды күтө берип Москванын чыдамы түгөнгөндөй. Эми өндүрүштү кыскартуу Ирансыз эле жүргүзүү күтүлүп жатат.  Путиндин жергиликтүү мунай өндүрүүчүлөр менен жолугушуусунда азырынча мунай казып алууну жыл башындагыдай деңгээлден жогорулатпоо  чечими гана чыгарылды. Орусиянын Энергетика министри Александр Новак муну менен суроо-талапты жогорулатууга жол ачылаарын белгилейт.

“Өндүрүштү январь айындагы деңгээлде сактасак, рынокко  мунайды сунуштоо өспөйт дегендик. Ал эми суроо-талап кеңейип, эксперттердин  пикирлеринде керектөө суткасына 1 жарым миллион баррелге чейин жогорулайт”.

Мунай сатууда өзгөчө орду бар өлкөлөрдүн жакынкы убакытта жасай турган кадамдары дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн. Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов өлкөнүн абалы Орусияга чырмалышып турганын эске алып, күйүүчү майдын баасы гана кымбаттабаса жакшы жакка өзгөрүүлөр көбүрөөк болоорун айтат.

Мунайдын баасынын жогорулашы Кыргызстан үчүн пайдалуу деген пикирге Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси, Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев да кошулат. Бирок, күйүүчү майдын баасы көтөрүлөт деген божомолго макул эмес. Азыр бензинди дүйнөлүк баа менен ала албай жаткан шартты эске алганда, нарктын өзгөрүүсүнүн таасири мындан ары да тийбейт деген ойдо.

 “Бренд” үлгүсүндөгү мунайдын баррели дүйнөлүк базарда 36 доллардан бааланууда. Эксперттердин баамында аны 70ке жеткирүү эң оптималдуу наркты тапкандык. Кара алтынды өндүргөн өлкөлөр мындан эки жыл мурдагы 120 доллардан үмүт үзүшкөндөй. Баанын туруксуз болуп жатышы ресурска гана таяна бербей, экономиканын башка багыттарына да артыкчылык берүү зарылчылыгын көрсөтүүдө.

Калыгул Асамбаев