Жаңылыктар
Үч партия президенттик шайлоого бир талапкерди сунуштайт
Шайлоо 2023
Үч партия президенттик шайлоого бир талапкерди сунуштайт

"Ата-Журт Мекенчил", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" партиялары бирдиктүү күчкө айланып, президенттик шайлоого бир талапкерди сунуштоону чечти. Мындай маалыматты "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев өзүнүн Facebookтагы баракчасына жарыялады. 

"Сиздер менен жагымдуу кабарымды бөлүшкүм келип турат. Өлкө эли менен бир катар жолугушууларды өткөргөндөн кийин "Ата-Журт Мекенчил", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын лидерлери жаңы партиянын алдына биригүүнү чечтик. 

Мунун негизги максаты — эл биримдигин, саясий туруктуулукту жана таза шайлоо өткөрүү үчүн күчүбүздү бириктирүү, — деп жазылат билдирүүдө. Төрөбаев жаңы партия түптөөнү көздөгөн бул топ алар менен иштешүүнү каалаган саясий күчтөргө ачык экенин кошумчалады. 

Эске салсак, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев БШКга президенттик ат салышууга ниетин билдирген арыздарын берген.