Жаңылыктар
БШК: президенттикке талапкерлердин талаптарды аткаруусу текшерилет
Шайлоо 2023
БШК: президенттикке талапкерлердин талаптарды аткаруусу текшерилет

Президенттик жарышка катышам деп Борборук шайлоо комиссиясына арыз берген талапкерлердин талаптарды аткаруусу текшерилет. Белгиленген мөөнөткө чейин мыйзамдагы талаптарды аткарбагандар жарышка катышуудан четтетилээрин БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. 

Эрежеге ылайык, жаран белгиленген мөөнөттө шайлоо фондун ачпаса, кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билбесе жана 30 миң шайлоочунун колун чогултпаса талапкер боло албайт. Арыздарды кабыл алуу 1-августта токтотулган. Шайлоо фондуна салынчу каражатка чектөө коюлган эмес. 

Талапкер болуу максатында БШКга 59 киши арыз берген. Алардын үчөө жарыштан чыгып, 56 киши калган. Учурда аларды талапкер катары каттоо боюнча иштер жүрүүдө.

"Азыр биз баарын карап текшерин жатабыз",- деди БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.