Жаңылыктар
Токтогул ГЭСинде төрт агрегаттын экөөндө электр жабдуулары алмаштырылат
Экономика
Токтогул ГЭСинде төрт агрегаттын экөөндө электр жабдуулары алмаштырылат

Быйыл кышка чейин Токтогул ГЭСинде төрт агрегаттын экөөндө электр жабдуулары алмаштырылат. Учурда ГЭСте реконструкция иштери уланып, заманбап генератордук электр өчүргүчтөр, чубалгы жана өлчөөчү трансформаторлор орнотулууда. 

Андыктан адистердин айтымында, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВтка көбөйүп, элге кызмат кылуу мөөнөтү дагы 35–40 жылга узарат. 

Бул үчүн 2017-жылы 55 миллион доллар көлөмүндө иш аткарылат, ал эми жалпы 450 миллион доллар каралган. 

Жергиликтүү серепчилердин баамында, Токтогул ГЭСин оңдоп-түзөө менен өлкөнүн энергетикалык туруктуулугу бекемделип, энергетикалык көз карандысыздык чыңдалат. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"