Жаңылыктар
Ысык-Көл: жол кырсыктарын азайтуунун аракеттери
Кырсык
Ысык-Көл: жол кырсыктарын азайтуунун аракеттери

Ысык-Көл облусунда июль айында жол кырсыктары өтө көп катталды. Патрулдук милиция кызматынан билдиришкендей жол кырсыктарынын 90%ы айдоочулардын ылдамдыкты сактабагандыгынан келип чыккан. Мындан сырткары аймакта жол курулуш иштери жүрүп жаткандыктан жолдун көпчүлүк бөлүгүндө жол белгилери орнотула элек.

Азыркы тапта милициянын убактылуу токтоттуучу жайына жол кырсыгына кабылган авто унаалар батпай калды. Бул унаалардын көпчүлүгүндө адам өмүрлөрү кыйылган. Мисалы былтыр июль айында он эки жол кырсыгы катталса, быйыл бул көрсөткүч жыйырма сегизге жеткен.

Кырсыктын көбү айдоочулардын ылдамдыкты сактабаганынан келип чыгууда. Тамчыдан баштап Чолпон-Ата шаарына чейин жол жаңы жасалды. Бирок жол белгилери жетишпейт, толук орнотулуп бүтө элек. Андыктан төрт экипаж патрулдук милиция кызматы күнү түнү Балыкчыдан Бостериге чейин жол кырсыктарын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Мында жүргүнчүлөрдү ташыган маршруткалар катуу ылдамдыкта жүрүп жатканы байкалууда.

Азыр Ысык-Көлгө эс алуучулар эң көп каттаган учур. Ар бир айылда патрулдук милиция кызматы иштеп жатканы менен баарына көзөмөл кылуу кыйын болуп турат. Андыктан айдоочулар адам өмурун сактоо үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек.