Жаңылыктар
Президент болууну самагандар арбын
Шайлоо 2023
Президент болууну самагандар арбын

Бүгүнкү күндө президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн жарандар өзүн колдогон 30 миңден ашык кишинин колун топтоо иштери менен алектенүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алууну улантууда. 

Учурда шайлоочулардын добуш берүүсүн камсыздоо максатында кошумча шайлоо участкалары ачылып жатат. Ошондой эле талапкерлердин шайлоо фонддору, ага которулган жана андан сарпталган каражаттар көзөмөлгө алынууда.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Үгүт иштери сентябрда башталат.  

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"