Жаңылыктар
Президенттик шайлоо жаӊы технологиянын негизинде таза өтөт
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоо жаӊы технологиянын негизинде таза өтөт

15-октябрга мерчемделген президенттик шайлоо жаӊы технологиянын негизинде таза өтөрү күтүлүүдө. Бирок эл ишенимине арзыбай, добуш ала албасын туйган айрым талапкерлер акчага таянып, добуш сатып алууга барышы толук ыктымал. 

Бул шайлоо үгүтүндө да миӊ сомдон башталып, беш миӊ сомго жетери айтылууда. Эгер биз миӊ сомго добушубузду сатчу болсок, аны алты жылга бөлгөндө күнүгө арзыбаган акча келип чыгары шексиз. 

Мамлекеттин келечегине кайдыгер карабай, шайлоочулар ойлонуп туруп татыктуусуна добуштарын бериши керектигин адситер ар дайым айтып келет. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"