Жаңылыктар
Туризмдин өнүгүшүнө салымын кошкондор арасында сынак жарыяланды
Туризм
Туризмдин өнүгүшүнө салымын кошкондор арасында сынак жарыяланды

Өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө салымын кошкондорго сыйлыктарды тапшыруу үчүн сынак жарыяланды. Бул туурасында Туризм департаменти маалыматтык жыйында билдирди. 

Сыйлыктар 17 номинация боюнча берилип, анын ичинде мыкты туризм тармагына тиешелүү инновациялык долбоор, мыкты жатакана жана мыкты туристтик фестивалдардын жакшылары тандалат. Сынак 15-сентябрга чейин жүрүп, сыйлыкты тапшыруу аземи 27-сентябрь бүткүл дүйнөлүк туризм күнүндө Бишкекте болот.

“Сынакта биз болгон бул тармакка салымын кошкон ишкана болобу же кафе ресторандар болобу барын тандайбыз. Албетте конкурска катышкандардын арасынан”,- деди Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.